Кирүү

Алма бити

Алма бити - муунак буттуулар тибиндеги тең канаттуулар түркүмүнө кирүүчү бит. Алмага зыян келтирет. Алма битинин көп түрү бар. Алма жашыл бити - алма өскөн бардык жерде кездешип, көбүнчө питомник, жаш мөмө бак, алма, алмурут, ыргай, бий алма, четин, долоного зыян келтирет. Алма битинин өңү жашыл, башы күрөң жашыл болот. Жаш бутактын учун, жалбырактын ширесин сорот.

Бул учурда өсүмдүктүн жалбырагы түрүлүп, бутагы ийрейип өсөт. Жумурткасы жаш өркүндө кыштап, мөмө бак бүчүр байлап, алма гүлдөгөндө жумурткадан биттер чыгат. Алма бити жылына 8 (түндүктө), түштүктө 19 жолу тукумдайт. Жай ортосунда көп, экинчи жарымында жалбырак өркүндөрүнүн өсүүсү токтолгондо аз болот. Алма битинин алма-бака жалбырак бити, алмадан өсүмдүк бити сыяктуу түрлөрү бар. Каршы күрөшүү чаралары: Алма битин жок кылуучу мите чабармандарды, эл кайда көчөттү алма багына коё берүү, алманын зыянкечтерге туруктуу сортторун отургузуу жана химикат чачуу.

Ой-пикирлер