Кирүү

Колхоздун текшерүү комиссиясы

Колхоздун текшерүү комиссиясы - колхоз башкармасы менен жооптуу кызмат адамдарынын чарбалык -финансылык иштерин коомдук көзөмөлгө алуучу туруктуу орган. Ал колхоздун үлгү уставына ылайык жалпы чогулуштун чечимине жараша ачык же жабык добуш менен үч жылдык мөөнөткө шайланат. Колхоздун текшерүү комиссиясынын курамы колхозчулардын жалпы чогулушунда белгиленет, курамынан төрага шайланат. Колхоздун текшерүү комиссиясынын курамына колхоздун мүчөлөрү гана кирет. Колхоз башкармасынын мүчөсү, анын жакын туугандары, бухгалтер, кассир, кампачы сыяктуу текшерилүүгө тийиш болгон адам комиссияга шайланбайт.

Колхоздун текшерүү комиссиясы өзүнүн ишинде колхоз уставын жана учурдагы мыйзам актыларын жетекчиликке алат. Колхозчулардын жалпы чогулушунда отчёт берет. Негизги милдети колхоздун уставын, мүлкүн сактоо, финансы жана материалдык каражаттарды үнөмдүү жумшоо, чарба ишинде туура эсеп-кысап жүргүзүү жагын көзөмөлдөйт. Мамлекеттик милдеттенме менен тапшырманын аткарылышына контролдук жүргүзөт. Текшерүү актысын колхозчулардын жалпы чогулушу бекитет.

Ой-пикирлер