Кирүү

Күкүрт

Күкүрт, S - Менделеевдин мезгилдик системасынын VI тобундагы химиялык элемент. Атомдук номери 16, атомдук салмагы 32,06. Массалык сандары 32, 33, 34, 36 болгон табигый 4 изотобу бар. Жасалма жол менен алынган радиоактивдүү изотопторунан 830 маанилүү. Химиялык жактан активдүү: ысытканда кычкылтек, суутек, хлор, бром жана дээрлик бардык металлдар менен кошулат. Абада 360°С ге чейин ысытканда көк жалын менен күйүп, күкүрттүү ангидридди (SO2) пайда кылат. Бирикмелеринде 2ден (Н2S) бга чейинки (Н2SО4) валенттүүлүктү көрсөтөт. Табиятта эркин, ошондой эле темир, цинк, жез, коргошун жана башка менен бирикме түрүндө кездешет. К. топурак, чым көң, көмүр, нефтиде, өсүмдүк жана жаныбар организминде болот.

Топурактагы күкүрт чириндинин составындагы сульфат (көбүнчө гипс) түрүндө кездешет. Чириндиси аз, кумдак күл топуракта күкүрт аз болот. Өнөр жайлуу райондордо күкүрттүү рудалардан металлдарды эритип алууда, отунду күйгүзүүдө учкан күкүрт газ (SO2) топуракка түшөт. Топуракка кык жана башка органикалык жер семирткич, суперфосфат, аммоний сульфатын жана айрым калий жер семирткичтерин чачканда андагы күкүрттүн өлчөмү көбөйөт. Күкүрт - өсүмдүк азыктануучу бирден-бир элемент. Ал бардык өсүмдүк белогунун, айрым амин кислоталарынын, өсүмдүк майларынын, витаминдердин түзүмүнө кирет. Өсүмдүк күкүрттү топурактагы сульфаттардан алат, жалбырак абадагы күкүрттүү газды сиңире алат. Эгилме өсүмдүктүн көбү күкүрттү фосфордон кем эмес керектейт.

Жаныбарлардын организминде күкүрт белоктордун, айрым липиддердин, ошондой эле кычкылдануу-калыбына келүү системасынын түзүмүнө кирет. Айыл чарбада күкүрттүн түрдүү бирикмелери өсүмдүктүн илдет, зыянкечтерине, мал ылаңына каршы күрөшүүдө, тоютту, өсүмдүк продуктуларын консервалоодо, ошондой эле жер семирткич катары колдонулат. Өсүмдүк коргоодо аки таш-күкүрт кайнатмасы, ошондой эле майдаланган күкүрт (саргыч күкүм), коллоиддүү күкүрт (70% күкүрт, 20-25% ным жана бир аз өлчөмдө сульфитцеллюлозасы бар бозомтук саргыч күкүм) жана нымдалышма күкүрт (90%дай күкүрт, кошунду заттар жана 1-2% нымы бар) мөмө бактардын, жашылча өсүмдүктөрдүн чаңгыл кеберине, жүзүм ондиумуна, гозо, кулмак, тыттын желелеме кенесине жана башка каршы күрөшүүдө колдонулат.

Күкүрт аарылар үчүн зыянсыз, кишиге анча уулуу эмес. Күкүрт күйүүчү зат; анын чаңы жарылгыч келгендиктен от, учкунга сак болуу керек. Күкүрт суюк, отунда эркин түрүндө же химиялык бирикмелердин составында болуп, отун аппаратурасын жана ичинен күймө кыймылдаткычтын деталдарын коррозияга чалдыктырат. Ага каршы күрөшүүдө деталдар хром жана башка коррозияга туруктуу заттар менен капталып, суюк отунга нейтралдоочу, көбүнчө жегичтүү нейтралдоочу зат (5-11%) кошулат.

Ой-пикирлер