Кирүү

Жибекчилик институту

Жибекчилик институту - Өзбекстан мамлекеттик агрардык өнөр жай комитеттеринин Орто Азия жибекчилик илимий изилдөө институту 1927-жылы Ташкент областынын Калинин районунда уюшулган. ССРБ деги жибекчилик боюнча илимий изилдөө иштерин жетектейт. Бөлүмдөрү: жибек курт селекциясы; жибек куртунун экологиясы жана физиологиясы; тыт дарагын өстүрүү; жибек пилласын алуу; жибек курт ылаңы жана зыянкечи менен күрөшүү жана башка. Лабораториялары: жибек куртунун генетикасы; жибек куртунун селекциясы; гетерозис; жибек курт уругун алуу технологиясы; жибек курт тукумун асылдандыруу; физиология жана башка Жибек куртунун институтта чыгарылган 9 гибриди райондоштурулган. Аспирантурасы бар. Илимий изилдөөлөрү жарыяланат.

Ой-пикирлер