Кирүү

Адсорбция, сиңирүү тууралуу

Адсорбция — газ же суюк чөйрөдөн заттардын суюк же катуу заттын бетине сиңиши. Сиңген зат — адсорбат, сиңирген зат адсорбент деп аталат. Алардын молекулаларынын өз ара аракеттенүү мүнөзүнө жараша физикалык адсорбция жана хемосорбция (химиялык адсорбция) болуп бөлүнөт. Физикалык адсорбцияда адсорбаттын молекулалары өзгөрбөйт, хемосорбцияда молекулалар адсорбенттин бетинде химиялык бирикме пайда болот.

Заттын катуу адсорбенттин (топурак, чым көң, көмүр ж. б.) массасына сиңирүүсү абсорция деп аталат. Бир түр экинчисине өткөндүктөн адсорбциянын баары жалпысынан сорбция, адсорбцияланган молекулалардын кайра бөлүнүшү десорбция делет. Адсорбция табиятта кеңири таралган. Газ (же буу), суюк, катуу зат бири-бирине тийишкен, беттешкен жерде адсорбция кубулушу жүрөт. Топурак абаны, көмүр кычкылын, суу буусун, аммиакты, сууда эриген органикалык жана минерал заттарды адсорбциялайт. Өсүмдүктүн тамыр аркылуу азык заттарды, жалбырак аркылуу көмүр кычкылын сиңириши ж.б.

Ой-пикирлер