Кирүү

Жер которуштуруу

Жер которуштуруу - топуракты эрозиядан сактоо жана ургаалдуу пайдалануу максатында айыл чарба жеринин (айдоо, жайыт, чабынды жана башка ) бир түрүн экинчисине которуу. Жер которуштуруунун негизги милдети - жерди талапка ылайык сарамжалдуу пайдалануу жана чарбанын өнүгүү планына жараша жерди иштетүү. Жер которуштурууда эң баалуу жердин (айдоо аянты, чабынды, жайыт жана башка ) аянттары кеңейтилет.

Жерди ургаал пайдалануу максатында ССРБ де табигый чабынды жана жайыттарды айдоо аянтына, ал эми айдоо аянттарын көп жылдык өсүмдүк эгүүгө же токой отургузууга которуштурган. Жер которуштуруунун көлөмү жер жайгаштыруучу чарбанын жайгашуу зонасына жана анын конкреттүү табигый-экономикалык шартына жараша болот. Кара топураксыз зонада жер которуштуруу айыл чарбанын, өзгөчө айдоо аянттарын кеңейтүү максатында жүргүзүлөт.

Жер которуштуруу экономикалык жактан негиздүү болушу керек. Анын негизги экономикалык көрсөткүчтөрү: жер которуштурууга кеткен чыгым; которуштурулган жерди пайдалануудан алынуучу таза кошумча киреше; жер бөлүштүрүүгө (токой тилкесин отургузууга, эрозияга каршы гидротехникалык курулма, жол, өндүрүштүк борборлорду курууга) жумшалган чыгым жана башка ; жер которуштурууга кеткен чыгымдын кайра акталышы.

Ой-пикирлер