Кирүү

Данчы коңуздар

Данчы коңуздар - коңуздар түркүмүнүн өсүмдүк менен азыктануучу курт-кумурскалар тукуму. Дене узундугу 2-6 миллиметрдей, сүйрү, тоголок же жумуртка сымал, томпок, майда коңуз. Көзү тостогой, башы анча чоң эмес. Муруту 2 муунактуу, канаты кыска. Арткы буту алдыңкы бутунан жоон, узунураак. Жылына бир жолу тукумдайт. Дүйнөдө 1200 дөй, анын ичинде мурунку ССРБ нин аймагында 120дай түрү белгилүү. Көбүнчө чанактуу, чатыр гүлдүү, чырмоок өсүмдүктөрүнүн уругунда мителейт.

Данчы коңуздар күн ачык, жылуу кезде көбөйүп, өсүмдүктүн гүлунө, саадагына жумурткаларын таштайт. Андан личинкалары чыгып, саадактын кабыгын көзөп, данына кирет. Көпчүлүк данчы коңуздар буурчак, маш буурчак, жасмыкка чоң зыян келтирет. ССРБ де данчы коңуздарга тышкы карантин чектелген . Пайдалуу түрлөрү аз. Чырмоок данчы коңуздары отоо чөптөрдүн уругун жеп, өнүмдүүлүгүн бир аз төмөндөтөт.

Ой-пикирлер