Кирүү

Жүндүн чарбадагы мааниси

Жүн - малдын жана айбанаттын терисиндеги талча түк; текстиль өнөр жайынын негизги чийки заты; андан кездеме токулуп, кийиз басылат, кийим, түрдүү буюм жасалат. Өнөр жайда иштетилүүчү жүндүн негизги бөлүгүн койдун жүнү түзөт. Эчки, төө, лама, топоз, коён, жылкы, уй, бугу, ит жүнү да пайдаланылат. Дүйнөдө жүн даярдоо боюнча Австралия 1-орунда турат.

ССРБ де 1985-жылы 324 миң тонна жүн алынып, анын 97% уяң чыккан. Жүндүн тери астындагы бөлүгү - тамыр, үстүндөгүсү - өзөкчө деп аталат. Ал кератин белогунан турат. Жүн ичкелиги, узундугу тармалдыгы, бышыктыгы, жеңилдиги, өңү, жылтырактыгы жана башка касиеттери боюнча бааланат. Малдан кыркылып алынган (кой, эчки жана башка ), таралып алынган (төө, ит, эчки жана коёндун тыбыты) же түлөгөндө чогултулуп алынган (уй, жылкы) жүн - таза (тирүү), ал эми союлган же өлгөн малдын терисинен алынган жүн өлүү жүн деп аталат.

Жүн тыбыт, кылчык жүн, чала кылчык, уяң, чала уяң болуп бөлүнөт. Жүн кабырчык, кабык жана өзөкчөдөн түзүлөт. Койдун ар кайсы жериндеги жүнүнүн сапаты (узуну, ичкелиги, тазалыгы, чыйрактыгы) ар башка. Кой жүнү тыбыттан, жоон кылдан, кыска талчалардан турат да, бир нече катмарга бөлүнөт. Анын ички катмары өтө бышык келип, тышкы кабырчык катмары сырткы чөйрөнүн таасирине жакшы туруштук берет. Жылуулукту жай өткөрүп, ным тартпайт. Күзгү жүнгө караганда жазгы жүн узун келип, тыбыттуу жана бышык болот.

Уяң, чала уяң жүндүү жана аргын кой жазында, ал эми кылчык жана чала кылчык жүндүү кой жазында да, күзүндө да кыркылат. Кыркылган жүн келки жүн, үзүндү, куйрук, бучкак, шакшак жүн болуп бөлүнөт. Эчки жүнү тыбыттан жана кылчыктан турат. Кылчыгынын технологиялык сапаты начар, ошондуктан тыбыты гана колдонулат. Төө жүнү тыбыттуу жана чуудалуу келип, өтө бышык жана чоюлчаак болот. Тыбыты кездеме, одеяло, трикотаж жасоодо колдонулат. Чуудасынан кыймылга келтирүүчү ремень, нефть өнөр жай үчүн салфетка жасалат. Топоз жүнү нооту өндүрүшүндө пайдаланылат.

Коён жүнү фетр (мыкты кийиз), тыбыты трикотаж жана фетр жасоодо колдонулат. Жылкынын жүнүнүн сапаты начар, ошондуктан начар сапаттагы кийиз жасоодо пайдаланылат. Уйдун жүнү негизинен бышырып кийиз басуу өндүрүшүндө колдонулат. Бугу Ж-ндөөлүү жүн көп болот. Ошондуктан матрац жасоодо, мебель өндүрүшүндө өткөрбөгүч-материал катары пайдаланылат. Иттин айрым породаларынын жүнүнөн колго жасалуучу түймө буюмдар даярдалат. Кыргыз эли күзгү жүндөн кийиз өтүк (чокой), калпак, кементай, байпак жана ба1шка кийим; ком, тердик, желдик, ичмек сыяктуу токулга; аяк кап, табак кап, күзгү кап, самын кап, уук учтук, баштык, кап жана башка буюм жасаган. Жазгы жүндү жуурканга, төшөккө, тыш жана кыш кийимге салган. Көчмөнчүлүк турмушта мал байлоодо, жүк жүктөөдө керектелүүчү аркан менен жип эшилип, өрмөк жип ийрүүгө пайдаланган.

Жүндү түргө бөлүү

Жүндү түргө бөлүү - даярдоо стандартына жана убактылуу техника шартка ылайык жүндүн сапатын баалоо. Жүндү түргө бөлүү чарбаларда кой кыркууда же керек-жарак кооперациясынын даярдоо ишканаларында, фабрика менен өнөр жай ишканаларынын базаларына жүн тапшырууда жүргүзүлөт. Уяң, чала уяң, чала кылчык, кылчык жана башка жүн үчүн өз-өзүнчө стандарт белгиленет. Бул стандарт боюнча жазгы жүн бир нече түргө бөлүнөт: Келки жүн. Ага бүтүндөй жана толук эмес келки жүндөр, ошондой эле андан үзүлүп, бирок булганбаган жана кайра өзүнө кошо оролуп коюлган салмагы 150 граммдан кем эмес жүн кирет.

Бардык түрдөгү жазгы келки жүндөр узундугуна жана ичкелигине жараша класстарга бөлүнөт. Жүндүн узундугу жана ичкелиги келки жүндүн негизги бөлүгүндө аныкталат (жүндү түргө бөлүүнүн сорттоодон айырмасы мына ушунда). Үзүндү жүн. Ар бири 150 граммдан аз уяң жана ар бири 100 граммдан аз чала кылчык жүндөрдүн булганбаган үзүндүлөрү. Ал келки жүндөн бөлөк тапшырылып, класска бөлүнбөйт. Кыска жүн. 40 тнжден кыска болгон уяң жана чала уяң жүн. Класска бөлүнбөйт. Төмөнкү сорттуу жүндөр. Ага бучкак жүн, кырккандан калып калган кайра кыркма жүн, куйрук жүн, шакшак жүн, боорундагы жүн, өтө майда үзүндү жүндөр кирет. Булар класска бөлүнбөйт.

Жүн жегичтер

Жүн жегичтер - тыбыт жегичтер тукумундагы курт-кумурска. Жүн жегичтер майда (1-2,5 миллиметр, кээде 10 миллиметрге чейин), канатсыз, саргыч түстө. 200 дөн ашык, мурунку ССРБ нин аймагында 100 дөй түрү белгилүү. Сүт эмүүчү жаныбарлардын терисинде мителеп, теринин чор баскан бөлүктөрү жана май бездеринин теринин сыртына бөлүп чыгаргандары, кан менен азыктанышат.

Уй, кой, жылкы, эчки, ит, мышыктын жүн жегичтери көп кездешет. Чочкодо болбойт. Жаныбарлардын денесинде өсүп-өөрчүйт. Массалык түрдө таралышына малды жыш кармоо жана начар багуу түрткү берет. Жүн жегичтер көбөйүп кетсе малдын жүнү түшүп, денеси кычышып, териси сезгенип, кызарып, кунардуулугу начарлайт. Алдын алуу жана дарылоо.

Жүн класстоо

Жүн класстоо - жүндү технологиялык өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу белгилери жана касиеттерине ылайык топко, класска жана сортко бөлүү системасы. Мурунку ССРБ нин аймагында жүндүн алынышы боюнча төмөнкү класстык топтор белгиленген: кой жүнү, эчки жүнү, төө жүнү, заводдук жүн (көбүнчө булгаары чийки заты үчүн кайра иштетилген уй жана жылкы терисинен алынат), эски жүн (көөнөргөн жүн өткөрүү жана запастоо функциясын жоготуп, "өлө" баштайт.

Ой-пикирлер