Кирүү

Кант кызылчасы институту

Кант кызылчасы институту - Бүткүл союздук кант кызылчасы илимий изилдөө институту. ССРБ мамлекеттик агрардык өнөр жай комитетине караштуу болгон. 1922-жылы Киевде уюшулган. Бөлүмдөрү: дыйканчылык; кант кызылчасын өстүрүү жана үрөн алуу технологиясын механикалаштыруу; кант кызылча селекциясы жана генетикасы; үрөнчүлүк; фитопатология; кант кызылчасын өстүрүүнү уюштуруу жана анын экономикасы жана башка.

Лабораториялары: агрохимия; которуштуруп айдоо; топурактын күрдүүлүгү жана аны анализдөө; генетика жана цитология; кант кызылчасынын физиологиясы, биохимиясы жана анатомиясы; кант кызылчасынын селекциясы жана башка. Институттун филиалы, тажрыйба-селекция станция, өндүрүштүк-тажрыйба чарбасы бар. Институтта чыгарылган кант кызылчасынын 40 тан ашык сорту жана гибриди райондоштурулган. Аспирантурасы бар. Илимий изилдөөлөрү жарыяланат. Ленин ордендүү (1971).

Ой-пикирлер