Кирүү

Кан соргуч чымындар

Кан соргуч чымындар - чымындар тукуму. 200дөн ашык түрү бар. Кеңири таралган. Дене узундугу 4-8 миллиметр. Кан соргуч чымындар сүт эмүүчү айбанат жана куш каны менен азыктанат. Кой, жылкыга мителик кылгандары өтө зыяндуу. Койдун кан соргуч чымындары канатсыз, күрөң, узундугу 4- 6 миллиметр. Койдун жүнүндө жашайт. Кышында, жайында өзгөчө көп болот. Ургаачысы жүндө 7-8 ай жашап, 8-15 личинка таштайт. Алар 6-10 сааттан кийин куурчакчага айланып, андан 20-30 күндөн кийин чоң кан соргуч чымындар пайда болот. Кан соргуч чымындар койду арыктатып, козуларды өлүмгө учуратышы мүмкүн.

Ой-пикирлер