Кетмен шайманы
Кетмен - дыйканчылыкта колдонулуучу айыл чарба шайманы. Дыйканчылык менен кошо пайда болуп, адегенде таштан, колодон, кийин темирден жасалган алгачкы эмгек куралдарынын бири. Анын уңгусу, башы жана сабы болот. Кетмендин башы үч бурч, тегерек, сүйрү келип жалпак курч темирден узуну 25-35 сантиметр, эни 20-30 сантиметр болуп жасалат. Уңгусуна 1,5 метрче жумуру жыгач сапталат. Бети жылмаланып, мизи курчутулуп, уңгусу жагынан эки чети ичин көздөй бир аз кайрылат. Кетмен сугатка, өсүмдүктүн катар аралыгын жумшартуу иштеринде жана башка кеңири колдонулат.
- Коомдук натуралай фонду
- Ашырма план
- Жапалак багбанчылык
- Агрономия жөнүндө түшүнүк
- Азот бактерин жер семирткичи
Ой-пикирлер