Айыл чарба өсүмдүк зыянкечтери
Айыл чарба өсүмдүк зыянкечтери - эгилме өсүмдүктөргө зыян келтирүүчү же аларды жок кылуучу жаныбарлар. Өсүмдүк зыянкечтеринин өтө ар түрдүү жана эң көбү курт-кумурскалар классына кирет. СССРде өсүмдүк менен азыктануучу курт-кумурскалардын 60 миңдей түрү бар; алардын 4 миңдейи эгилме өсүмдүккө, азык-түлүккө зыян келтирет. Айыл чарба өсүмдүгүнө булардан башка кенелер (жөргөмүш сымалдар классы) да зыян келтирет. Алардын ичинен көп кездешкени кампа зыянкечтери.
Омурткасыздардын башка түрлөрүнөн эгилме өсүмдүктү моллюскалар, жумуру курттар же нематодалар зыянга учуратат. Өсүмдүккө зыян келтирүүчү кемирүүчүлөр. Жалбырак бүргөлөрү түркүмчөсүнөн 1500дөй, анын ичинде СССРде 300 түрү белгилүү.
Эң зыяндуусу - алма, алмурут бүргөлөрү. Цикадалар түркүмчөсүнө кирген зыянкечтердин 20 миңдей түрү белгилүү. Алардын көбү пахта, дан өсүмдүктөрүн, картошканы жана башка зыянга учуратат. Ак канаттуулар жылытылмадагы өсүмдүктөрдүн өтө коркунучтуу зыянкечи; эн зыяндуу түрлөрү: цитрус, кожогат ак канаттуулары.
Кокциддер түркүмчөсүндөгү зыянкечтерден СССРде 500 түрү бар. Алардын өтө зыяндуулары: калифорния калканчалуусу, Комсток курту, Алма үтүр сымал калканчалуусу, Жүзүм кеберлүү курту.
Кенелер түркүмүндөгү зыянкечтердин 4 миң түрү (СССРде 200 түрү) белгилүү. Алардын өтө зыяндуулары калканчалуулар, тордомолор жана сокур канталалар тукумуна кирет. Гозо жана беде аянтына беде канталасы көп зыян келтирет. Кош канаттуулар же чымындар түркүмүндөгү зыянкечтердин СССРде 20 миңдей түрү бар. Алар узун жана кыска муруттуулар түркүмчөсүнө бөлүнөт. Зыяндуулары: чегиртке сымалдар, кара чегиртке, күздүкчү үкүчө, гессен чымыны, мөмөчүл иири тумшук, капуста үкүчөсү жана башка канаттуулар же коңуздар - курт-кумурскалардын ичинен эң чоң түркүмдүн бири. СССРде 25 миңдей түрү бар.
Айыл чарбага өтө зыяндуулары: шиш тумшуктуулар (кызылча, беде шиш тумшуктуулары ж. б.), тихиустар, беденин жалбыракчы шиш тумшугу. Коңуздардан айрыкча кампа зыянкечтери көп тараган. Ызылдак коңуздардын көбү пайдалуу, бирок алардын зыяндуусу (дан жана таруу коңуздары) да бар. Эбелек муруттуулар тукумундагылардан саратан коңузу, чара баш коңуз зыяндуу.
Тырсылдак коңуздардын личинкасы, сасык коңуздар өсүмдүктүн уругу менен тамырына зыян келтирет. Картошкачы колорадо коңузу - СССРде карантин объектиси. Кокцинеллиддер тукумундагы коңуздар (эл кайда көчөт) негизинен пайдалуу; көбүнчө өсүмдүк биттери менен кокинллерди жок кылат. Жаргак канаттуулар же көпөлөктөр түркүмүндөгү зыянкечтер да көп тараган; анын СССРде гана 15 миңдей түрү бар. Алардын көбү мөмө-жемишке, айыл чарба, токой өсүмдүктөрүнө олуттуу зыян келтирет.
Үкү көпөлөктөр тукумунан өтө зыяндуулары: карадрина, гозо үкүчөсү, күздүкчү үкүчө, буудай үкүчөсү, капуста үкүчөсү жана башка жалбырак жегичтер тукумунан жер бүргөлөр, зыгыр, кара куурай, кызылча бүргөлөрү зыяндуу. Бүлбүлдөктөр тукумунан сабакчы көпөлөк, унчу, күн карамачы көпөлөктөр өтө зыяндуу. Мөмө дарактарына кышкы, тыт дарак көпөлөктөрү жана башка зыян келтирет.
Ак көпөлөктөр тукумундагы зыянкечтер: капустачы, долоночу көпөлөктөр жана башка зыянкечтердин арбир түрү белгилүү аймакта жашайт. Ушундан улам түрдүн жалпы ареалы, зыян келтирүү аймагы жана жашоо орду болот. Тышкы чөйрөгө жараша зыянкечтин саны да өзгөрөт. Зыянкечтерге каршы күрөшүүдө зыянкечтин таралуу санын эсепке алуу, өсүмдүк зыянкечи менен илдетин прогноздоо зарыл.
Өсүмдүк зыянкечтерине каршы өсүмдүк зыянкечи менен илдетине каршы күрөшүүнүн биологиялык ыкмасы, өсүмдүк коргоонун агротехникалык ыкмасы, өсүмдүк коргоонун механикалык жана физикалык ыкмасы, өсүмдүк коргоонун химиялык ыкмасы колдонулат.