Кирүү

Кыргызстан дыйканчылык илим изилдөө институту

Кыргызстан дыйканчылык илим изилдөө институту - 1956-жылы мамлекеттик дан өсүмдүктөр селекция станциясы менен Республикалык жашылча-жемиш тажрыйба станциясынын базасында уюшулган. 1976-жылдан институт Кыргызстан дыйканчылык илимий-өндүрүш бирикмесинин башкы илимий мекемеси. Институттун негизги милдеттери: айыл чарба өсүмдүктөрүнүн мол түшүмдүү, сапаттуу сортторун чыгаруу, үрөнчүлүк системасын өркүндөтүү; сугат жана кайрак жер дыйканчылык системасынын жана комплекстүү механикалаштыруунун негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүн ургаал технология боюнча өстүрүүнүн илимий негиздерин иштеп чыгуу; дыйканчылык экономикасын изилдөө жана башка Институттун бөлүмдөрү: жүгөрү селекциясы; буудай селекциясы; фитопатология; энтомология жана биологиялык ыкма; сугат жана гидромодулдук райондоштуруу; өсүмдүк биохимиясы; механикалаштыруу; агротехника; дыйканчылык; агрохимия жана башка.

Лабораториялары: топурак таануу; генетика жана селекция; өсүмдүк физиологиясы; иммунитет; токсикология; мөмөчүлүк; жүзүмчүлүк; жашылча жана картошка агротехникасы; жашылча селекциясы жана үрөнчүлүгү (1985). Институтта айыл чарба өсүмдүктөрүнүн 80ден ашуун сорту жана гибриди чыгарылган. Анын 32 сорту райондоштурулуп, Кыргызстандын, Орто Азиядагы башка союздук республикалардын, Казакстандын көп чарбаларында өстүрүлүүдө. 30дан ашуун сорт жана гибрид мамлекеттик сыноодон өтүүдө. Аспирантурасы бар. Илимий изилдөөлөрү жарыяланат.

Ой-пикирлер