Кирүү

Колхоз-кооперация менчиги

Колхоз-кооперация менчиги - ССРБ де социалдык менчиктин бир түрү. Жалпы элдик менчиктен айырмаланып, колхоздун өзүнө (кооперация бирикмесине) же бир нече колхозго (ортоктош колхоз менчиги) таандык. Колхозго акысыз жана мөөнөтсүз пайдаланууга берилген жер менен бирге колхоз өндүрүшүн өнүктүрүүнүн экономикалык негизин түзөт. Колхоз-кооперация менчиги социалдык мамлекеттик менчик менен табиятынын жалпылыгы, коомдоштуруу деңгээлинин жөнөкөйлүгү менен мүнөздөлөт. Мамлекеттик ишканадагыга караганда колхоздо уюштуруу, эмгек акы төлөө, дүң продукция менен накта кирешени бөлүштүрүүдө бир кыйла айырмачылыктар бар.

Колхоздун үлгү уставына ылайык колхоз менчигине ага таандык имарат, курулма, трактор, комбайн дагы ушундай сыяктуу машиналар, жабдуу, транспорт каражаттары, мал (анын ичинде унаа), мөмө-жемиш багы, алынган продукция, акча каражаттары жана башка мүлктөрү кирет. Колхоздун үлүштүк катышына жараша колхоз аралык жана мамлекеттик-колхоздук ишкана, уюмдардын мүлк жана каражаттары да колхоз менчиги болот. Колхоздун ар кандай мүлк түрлөрүн ээлөө, пайдалануу, тескөө жана колхоз-кооперация менчигин коргоо тартиби закондо белгиленген.

Социалисттик менчиктин эки түрүнүн жакындашуусу, алардын бирдиктүү жалпы элдик менчикке биригиши колхоз-кооперация менчигин өнүктүрүү, көбөйтүү, чыңдоо аркылуу ишке ашат. Колхоз-кооперация менчиги өз ичинде мүлктү коомдоштуруунун даражасы улам жогорулоодо. Менчиктин бул түрү колхоздордун материалдык-техника базасын андан ары өнүктүрүү жана сапатын жакшыртуунун, жаңы өндүрүштүк, маданий, турмуш-тиричилик имараттарды куруунун, колхоздо көмөкчү өнөр жай, маданий, турмуш-тиричилик ишканаларын уюштуруунун, колхоздун чарба аралык кооперация менен агрардык өнөр жай интеграциясына катышуусунун натыйжасында совхоздорго бекитилген жалпы элдик менчиктин түзүлүшүнө көбүрөөк жакындашууда.

Ой-пикирлер