Автотрофтуу жана гетеротрофтуу организмдер
Автотрофтуу организмдер
Автотрофтор (грек тилинен которгондо - өзү азыктануучу) — тиричиликке зарыл бардык организмдер заттарды органикалык эмес заттардан синтездөөчү организмдер. Автотрофтуу организмдерге бардык татаал түзүлүштүү өсүмдүктөр (мите жана сапрофит өсүмдүктөрдөн башкасы), балырлар, айрым бактериялар кирет. Алардын эки түрү бар: фотосинтездөөчүлөр жана хемосинтездөөчүлөр. Фотосинтездөөчүлөр же фототрофтуу организмдер хлорофилл пигментине байланыштуу жашыл түстө болуп, күн нурунун энергиясын пайдалануу менен көмүр кычкыл газы жана суудан органикалык заттарды пайда кылат.
Айрым түстүү бактериялар түрдүү бирикмелердин (углеводород ж. б.) суутегин пайдаланып, фотосинтез — фоторедукция процессине катышат..Хемосинтездөөчүлөр же хемотрофтуу организмдер кээ бир химиялык реакциялардан бөлүнүп чыккан энергияны пайдаланып, минерал заттардан органикалык заттарды синтездейт. Автотрофтуу организмдердин бул тобуна топуракта, сууда жашоочу темир бактериялары, түссүз күкүрт бактериялары, ошондой эле топурактын күрдүүлүгү үчүн өтө маанилүү нитраттоочу жана азот топтоочу бактериялар кирет. Киши жана жаныбарлар пайда болтура албаган органикалык заттарды жаратышы менен автотрофтуу организм табиятта зор роль ойнойт.
Гетеротрофтуу организмдер
Гетеротрофтор (грекче башка азык) — даяр органикалык заттар менен азыктануучу организмдер. Автотрофтуу организмдерден айырмаланып Гетеротрофтуу организмдер өз алдынча органикалык эмес заттардан органикалык заттарды түзө албайт. Гетеротрофтуу организмдерге киши, бардык жаныбарлар, кээ бир өсүмдүктөр, козу карындар, көпчүлүк бактериялар жана башка кирет. Гетеротрофтуу организмдер топуракты азот, ошондой эле өсүмдүккө азык зат болуучу башка ирикмелер менен байытып, күрдүүлүгүн арттырат жана табияттагы зат алмашуу процессинде маанилүү роль ойнойт. Айрымдары малдын ылаңын жана өсүмдүктүн илдетин козгойт.