Кирүү

Жугуштуу ылаң

Жугуштуу ылаң - малда - патогендүү микроорганизмдер пайда кылып, дарттуу организмден соо организмге жугуучу ылаңдар. Мал чарбасына кыйла зыян келтирет. Малдын жугуштуу ылаңын изилдөөчү илим эпизоотология деп аталат. Ар бир жугуштуу ылаңдын циклинде төмөнкү маал жана мезгилдер аныкталат: 1) ылаңдын малга жугуу маалы жана анын козгогучунун организмге кирүү жолдору; 2) ылаңдын жашырын букма мезгили; 3) билине баштоо мезгили; 4) өнүгүү мезгили; 5) акыркы мезгили. Мал айыга баштаганда дайыма эле организмде ылаң козгогучтар жок болуп кетпейт, мал айыккандан кийиң да көпкө чейин соо малга жуктурушу мүмкүн. Диагноз клиникалык, эпизоотологиялык жана ла-бор-ялык изилдөөлөрдүн негизинде ар бир жугуштуу ылаңга коюлат, айрым инфекцияга (бруцеллёз, туберкулёз жана башка ) аллергиялык диагностика жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер