Кирүү

Атразин гербициди

Атразин (C8H14ClN5) - ак кристалл түрүндөгү гербицид. Сууда начар эрийт, көпкө сакталат. Негизинен жүгөрү, таруу эгилүүчү талаадагы, жүзүмзардагы, алма, алмурут багындагы отоо чөптөрдү жок кылуу үчүн колдонулат. Отоо чөп өнүп чыкканга чейин 1 га кумдак топурактуу жерге 1 -1,5 килограмм, кумай топурактуу же орто чириндилүү жерге 2-3 килограмм, кара чириндилүү жерге -3-4 килограмм (эритме түрүндө 1 га жерге 500 - 1000 л), отоо чөп өнүп чыккандан кийин 1 га жерге 2 килограмм (500 л), 1 га жүзүмзар жана мөмө-жемиш багында 2,5-5 килограмм атразин колдонулат. Атразин топуракта жай ажырайт.

Жазында гектарына 2 килограмм атразин чачылган жүгөрү же таруу эгилген талааны терең айдап, ага күздүк эгин, кийинки жылы жаздык эгин, буурчак сепсе, тамеки, картошка тиксе болот, бирок кызылча, уй беде себүүгө болбойт. Бир га жерге 2 кгдан көп чачылса күздүк себүүгө жарабайт, кийинки жылы жүгөрү, картошка жана беде гана эгүүгө болот.

Ой-пикирлер