Кирүү

Гигрометр аспабы

Гигрометр - аба нымдуулугун өлчөөчү прибор. Кылдуу (чач) жана плёнкалуу гигрометр кеңири таралган. Гигрометрдин иштеши адамдын майсыз чачынын же органикалык тасманын узундугунун аба нымдуулугуна жараша өзгөрүүсүнө байланыштуу. Чач узундугу 27 сантиметрдей тик бурчтуу металл рамага керилип, бир учу жебе менен бириктирилет.

Жебенин бош учу рамага орнотулган шкала боюнча жылып турат. Абанын салыштырма нымдуулугу көбөйгөндө чач узарат да прибордун жебеси оң, ал эми нымдуулук азайганда сол жакка кыйшаят. Кылдуу гигрометр менен абанын нымдуулугун башка ыкма менен аныктоого болбогон төмөнкү температурада да өлчөөгө болот. Тасмалуу гигрометр тасмалуу мембрана, жебелүү механизм жана шкалалуу рамадан турат. Мындан тышкары конденсациялык, электролиттик жана башка гигрометр бар.

Ой-пикирлер