Кирүү

Амидостомоз ылаңы

Амидостомоз - каз-өрдөктөрдүн булчуңдуу карынында мителөөчү жумуру гельминт пайда кылуучу жугуштуу ылаң. Ылаңдын козгогучу - Amidostomum anseris нематодасы. Ал 1800-жылы Цедер тарабынан аныкталган. Эркегинин узундугу 3-14,5 милиметр, ургаачысыныкы 16,6-20 милиметр. Ургаачысы сиркесин каздын карынына таштайт. Сирке заң менен кошо сыртка чыгып, 28-30°С температурада инвазиялуу личинкага айланат.

Личинка жем, чөп менен кошо каз-өрдөктүн булчуңдуу карынынын былжыр челине барып, 17-22 күндөн кийин чоң гельминтке айланат. Андан булчуңдуу карындын былжыр чели сезгенип, азык сиңириши бузулат; көп учурда өлүмгө учурайт. Көбүнчө 3-4 айлык балапандар ылаңдайт. Амидостомоз менен ылаңдаган каз жем, чөп жебей, жүнү үрпөйүп, кыймылы азайып, арыктайт. Ылаңдуу казды төрт хлорлуу көмүртек жана пиперазин менен дарылайт.

Ой-пикирлер