Кирүү

Жер пайдалануу

Жер пайдалануу - айрым адамдарга, коллективге, мамлекетке таандык жерди пайдалануу тартиби, шарты жана формасы. Жер пайдалануунун системасы жана түрү тарыхый өнүгүү процессинде калыптанып, өзгөрөт жана коомдун өндүрүш мамилелерине ылайык келет. Жер пайдалануу коомдук кубулуш катары алгачкы жамаат түзүлүшүнүн тушунда пайда болгон. Кул ээлик, феодалдык, капиталисттик түзүлүштөрдүн шартында жер пайдалануу жерге болгон жеке менчик менен аныкталат.

Бул коомдордо жер ээси жерди сатууга, сатып алууга, мураска калтырууга, арендага берүүгө укуктуу. Жер негизги өндүрүш каражаты катары эзүү куралы. Социалисттик коомдо жер пайдалануу мамлекеттик жер менчигине негизденген. ССРБ де бардык жер мамлекеттин жер фондусун түзүп, законго ылайык ар кандай багытта пайдаланылган.

Ой-пикирлер