Кирүү

Жөргөмүштөр

Жөргөмүштөр - жөргөмүш сымалдар классындагы муунак буттуулар түркүмү. Денеси (узундугу 0,7 миллиметр- 11 сантиметр) түрдүү формада жана ар кандай түстө, башкөкүрөк менен курсактан турат. Башкөкүрөгүндө 4 жуп көзү жана 6 жуп буту жайгашкан. 1-жуп буту - үстүңкү жаактары, курч, ылдый ийилген тырмакчалар менен бүтүп, учунда уу без өткөөлү ачылат.

Бул жемин кармоо, өлтүрүү жана коргонуу кызматын аткарат. 2-жубу - тинтүүрлөрү - сезүү органы, калган 4 жубу - буту. Курсагынын артындагы желе сөөлдөрү (3-4 жуп) бөлүп чыгарган коймолжун зат абада катып, желе пайда кылат. Жер шарында 27 миңден, мурунку ССРБ нин аймагында 2 миңден ашык, Кыргызстанда 200 гө жакын түрү белгилүү.

Жөргөмүштөр муунак курсактуулар, канаттууларды (балапан) жечүлөр жана эки өпкөлүүлөр болуп үч түркүмчөгө бөлүнөт. Жөргөмүштөр айрым жыныстуу, эркеги ургаачысынан кичине. Канаттууларды жечүүлөр - жөргөмүштөрдүн эң чоңдору - курт-кумурска, кескелдирик, бака, балапан жана майда сүт эмүүчүлөр менен да азыктанат. Кээ бир жөргөмүштөр, негизинен тропиктик түрлөрү уулуу. Мурунку ССРБ нин аймагында түштүк талаа жана жарым чөлдө жашоочу бөйү, каракурт өтө уулуу.

Ой-пикирлер