Кирүү

Бал тартуу

Бал тартуу - уячаларга жыйналган балды бал тарткычка салып бөлүп алуу. Бал тартуу учурунда уюкту улам текшерип, толгон рамаларды бөлүп алат. Уюктагы бал толук жетилгенде, башкача айтканда, уячалар чапталганда балды тартууга болот. Уячаларынын оозу ачылган балдуу рамалар бал тарткычтын кашегине орнотулат. Бара чарк айланганда бал идиштин (челектин) бооруна чачырап, түбүнө жыйналат да, чоргодон тышка чыгат. Тартылган бал чыпкаланып, сорттолот да сактоого же сатууга жөнөтүлөт.

Ой-пикирлер