Кирүү

Дары мышык тамыр

Дары мышык тамыр - маун-мышык тамырлар тукумундагы көп жылдык чөп сымал дары өсүмдүк. Тамыры кыска (2-4 сантиметр), бүчүрлөнүп өсөт. Сабагы түз (бийиктиги 200 сантиметр), көңдөй, жалбырагы тушташ, айрымдары кезектешип же топтошуп жайгашат. Топ гүлү майда, кош жыныстуу, чачык же машак сымал. Мөмөсү - бозомук же күрөң түстүү урук. Майдын аягынан августка чейин гүлдөйт.

Тамырында 0,2-3,5% эфир майы бар. Тамырынан жасалган дары медицинада нерв системасын дарылоодо пайдаланылат. Мурунку ССРБ нин аймагында алыскы түндүк жана чөлдүү жерлерден башка бардык аймакта өсөт. Эгилме түрү бар. Гектарынан 15-25 центнер түшүм (кургак тамыр) жыйналат. Илдеттери: дат, чаңгыл кебер; зыянкечтери: күздүк үкүчө, жай саратаны.

Ой-пикирлер