Кирүү

Колхоздун резерв фонду

Колхоздун резерв фонду - колхоздун кирешесинин ыңгайсыз аба ырайынан же башка табигый кырсыктан болчу чыгымдын ордун толтурууга жана чарбада кайталанма өндүрүш процессин тынымсыз камсыз кылууга жумшалчу бөлүгү. "Колхоздун резерв фондусу" субсчётунда айыл чарба жылында колхоз табигый ыңгайсыз шарттан болчу чыгымдын ордун толтуруу каражаты каралат.

Ыңгайсыз аба ырайынын кесепетинен түшүм алынбай калган учурда, ошондой эле башка табигый кырсыктардан жапа чеккенде гана колхоз өндүрүштүк чыгымдарды резерв фондусунун эсёбинен чыгым кылат. Өндүрүштүн тынымсыз, иштешин камсыз кылуу үчүн резерв фондуну колхоз өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жыл аягында накта кирешенин эсебинен түзөт. Акыркы жылдарда колхоздун экономикалык абалынын жакшырышына байланыштуу алардын резерв фондулары көбөйүүдө.

Ой-пикирлер