Кирүү

Кызылча иштетүү шаймандары

Кызылча жүктөгүч

Кызылча жүктөгүч - казылып, тазаланган кызылчаны транспортко салуучу машина. Мында кол эмгеги аз жумшалып, эмгек өндүрүмдүүлүгү жогорулайт. Кызылча жүктөгүчтүн негизги бөлүктөрү: сузгуч, каршы-терши эки транспортердуу рама, жүктөгүч элеватор, кардандуу кыймыл өткөргүч, элеваторду түшүрүп көтөрүүчү гидроцилиндр, кыймыл азайткыч. Кызылча каршы-терши транспор-терго берилип, андан транспортко жүктөлөт. Кызылча жүктөгүчтүн тетиктери трактордун кыймыл өткөргүч валынан иштейт. ССРБ де СНТ-2ДБ, ГРС -50 жана башка маркадагы кызылча жүктөгүч чыгарылган. Көбүнчө СНТ-2ДБ колдонулат. Ал "Беларусь" тракторуна орнотулат. Аны тракторчу жана эки жумушчу тейлейт. Саатына 45-50 тонна кызылча жүктөйт.

Кызылча казгыч

Кызылча казгыч - кызылча жана башка тамыры азык өсүмдүктөрдү казуучу айыл чарба шайманы. Кызылча казгыч негизинен кызылча комбайны жүрө албаган тегиз эмес ойку-кайкы, өңгүл-дөңгүл жерлерде пайдаланылат. Негизги бөлүгү - казуучу калак, ал кызылчаны казып сыртка чыгарат. Кийин ал кол менен жыйналат. Мында эмгек өндүрүмдүүлүгү кол менен казганга караганда 25-30 пайызга жогорулайт.

Кызылча казгыч катар аралыгы 45-60 сантиметрге чейинки кызылчаны казууга ылайыкталган. Өлкөдө СНКЗР, СНС-2М жана башка маркадагы кызылча казгыч чыгарылат. Кызылча казгыч ДТ-24, Т-28 жана "Беларусь" тракторлоруна агрегатталат. Өзү жүрмө СНШ -3 маркасындагы кызылча казгыч пиязды (катар аралыгы 45 сантиметр болгон) казууга да ылайыкталган. Саатына 0,6-0,8 гектар жердеги кызылчаны казат.

Кызылча комбайны

Кызылча комбайны - кызылча казып, жыйноочу машина. Ал бир эле мезгилде кызылчаны казып, топурак жана жалбырагынан арылтып бункер же транспортко салат. ССРБ де кызылча комбайны 1930-жылдардан чыгарыла баштаган, 1950-жылдары кызылча жыйноо толугу менен механикалаштырылган. ССРБ аймагында топурак-климаттык шарт ар түрдүү болгондуктан эки типтеги кызылча комбайны чыгарылган.

Биринчи тибине кызылчаны казып алгандан кийин жалбыракты машинада кесүүчү СКЕМ-ЗГ, КСТ-3, СКП-2Г жана башка маркадагы комбайндар, экинчи тибине кызылчанын жалбырагын кесип, андан кийин казып жыйноочу СКН-2, СКД-2 жана башка маркадагы комбайндар кирет. Кызылча комбайнынын негизги тетиктери: машинаны кызылчанын жөөктөрү боюнча багыттагыч автомат механизм, казгыч, калак, жалбырак көтөргүч, жалбырак кескич аппарат, тазалагыч шнек, жүктөгүч элеватор, бункер. Саатына орто эсеп менен 2-3 гектар жердеги кызылча казылып жыйналат.

Кызылча суюлткуч

Кызылча суюлткуч - кант кызылчасын жөөк бойлой суюлтуп, топуракты жумшартуучу жана отоо чөптөрдү жок кылуучу машина. ССРБ де УСМП-5,4 жана ПСА-2,7 маркасындагы кызылча суюлткучтар чыгарылган. УСМП-5,4 К. с-у 12 (жөөк аралыгы 45 сантиметр) жана 8 (жөөк аралыгы 60 сантиметр) жөөктөгү кызылчаны суюлтат; ЮМЗ-6АЛ/АМ, МТЗ-80/82 жана башка тракторлоруна чиркелет. Негизги тетиктери: рама, кызылча суюлтуучу фреза, тракторго чиркелчү механизм, таяныч дөңгөлөк. Кызылча суюлткучтун рамасы төрт кырдуу узун жыгачтан туруп, ССТ-12А кызылча үрөн сепкичинин рамасындай жасалат.

Кызылча суюлтуучу секциялары рамага параллелограмм асма аркылуу биригет. Бычагы (узундугу 50 миллиметр) таяныч-кыймылдаткыч дөңгөлөктөн конус редуктор аркылуу кыймылга келет (айланат). Суюлтуучу фреза агрегаттын жүрүү багытына 40° С бурч боюнча жайгашат. Ар бир фрезага бдан 18 ге чейин бычак орнотулуп, алар дискада бир, эки же үчтөн жайгаштырылат. Бычактын топуракка терең же тайыз кириши бурамалуу механизм аркылуу жөнгө салынат. Саатына 3,5 гектар жердеги кызылчаны суюлтат.

Кызылча тиккич машина

Кызылча тиккич машина - үрөндүк кызылчаны жөөккө аралыгын 60-70 сантиметр чарчылап тигет. ССРБ де ВПС -2,8 кызылча тиккич машина чыгарылган. Тиккич аппаратка кызылча жарым автоматтын жардамы менен келет. ВПС -2,8 машинасы рама, кызылча салгыч (сыйымдуулугу 3,6 м3), жумшарткыч, кызылча тиккич дискалуу аппарат, диск тибиндеги кызылча көмгүч, дөңгөлөк, маркер, гидросистема жана отургучтан турат. Трактордун кыймыл берүүчү валынан иштейт. Кызылча тиккичтин эки конусу бар. Кызылча тиккич аппараты конустун илиништиргичинен кыймылга келет. Тиккич аппараттын рамасына эки жакка ачылма конусу бар эки дөңгөлөк, кызылча түрткүч, ачып тургуч, тигилген кызылчаны көмгүч орнотулат. Кызылча тиккич машина Т-70С, Т-74 же ДТ-75 тракторлоруна чиркелет. Саатына 0,84 гектар жерге кызылча тигет.

Ой-пикирлер