Кирүү

Жер экспликациясы

Жер экспликациясы - (лат. explicatio - талкуулоо, түшүндүрүү) - айыл чарба ишкана, уюм жана мекемелерине тиешелүү жердин учурдагы же келечектеги составы жөнүндөгү маалыматтар. Жер экспликациясы чарбанын жер жайгаштыруу план жана долбоорун түзүүдө, айыл чарба өндүрүшүн пландаштыруу жана жетекчиликке алуу үчүн материалдарды иштеп чыгууда, ошондой эле чарба, район, область, республиканын жер балансын түзүүдө жер эсебин алуучу өз алдынча документи катары таблица түрүндө түзүлөт.

Анда айыл чарба жеринин жалпы аянты (сугат жер жана кайрак жерлерге бөлүү менен) жөнүндөгү маалымат көрсөтүлөт. Жер балансы үчүн түзүлгөн жер экспликациясында жер пайдалануучулар категориясы, чарбанын кайсы ведомствого таандык экендиги, жер пайдалануу түрлөрү, айыл чарба жеринин жалпы аянты жана башка белгиленет. Жер экспликация геодезиялык сүрөт, аэро-фотосүрөт жана башкалардын маалыматтары боюнча аянтты эсептеп чыгаруунун негизинде түзүлөт.

Ой-пикирлер