Кирүү

Курама темир-бетон

Курама темир-бетон - темир-бетондон жасалган курулуш буюму; имарат жана курулмаларды тургузуу үчүн пайдаланылат. Атайын заыоддордо даярдалып, курулушка жеткирилет. Курама темир-бетондун негизги артыкчылыгы - имарат куруу учурунда тез монтаждалып, куруу мөөнөтү кыскарат, жумушчу күчү аз сарпталат. Ошондуктан курама темир-бетону курулуштун бардык түрүндө көп колдонулат. Айыл чарба курулушунда курама темир-бетон пайдубал, тирөөч, устун, курулуштун үстүн жабуучу материал, ошондой эле имарат дубалы катары пайдаланылат.

Ой-пикирлер