Кирүү

Жерди рационалдуу пайдалануу

Жерди рационалдуу пайдалануу - жердин сапатын жана жайгашкан ордун эсепке алып, максатка ылайык пайдалануу жолу. Мында продукция көлөмү жана топурактын экономикалык күрдүүлүгү артат. Жерди рационалдуу пайдаланууга эгилүүчү өсүмдүктү топурак түзүмүнө жараша тандап, туура которуштуруп эгүү, жер семирткич чачуу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкеч илдеттерине, отоо чөпкө каршы илимий жактан негизделген иш-чараларды жүргүзүү, топурак эрозиясын болтурбоо, табиятты коргоо иштерин уюштуруу, сугаруу жана кургатуу жолу менен жетишилет.

Ой-пикирлер