Кирүү

Жыландар

Жыландар - сойлоп жүрүүчүлөр түркүмү. Денеси узун (11 метр, муунткуч жылан ), жумуру; түрпү менен капталган, бутсуз. Омурткасынын көптүгүнөн (200-450 гө чейин) денеси ийилчээк келип, сойлоого ылайыкташкан. Астыңкы жаактары бири-бирине чоюлгуч байламталар аркылуу бириккендиктен оозу чон ачылып, майда жандыктарды (бака, кескелдирик, чымчык, чычкан жана башка ) бүкүлү жутат.

Сезүү органы - тили узун, ичке, эки ача. Көзү жакшы көрөт. Түсү жашаган чөйрөсүнө жараша болот. Көпчүлүгү жумуртка, айрымдары тирүү тууйт. Уулуу жыландардын көзүнүн арткы жана асты жактарында атайын уу бездери болот. Уулуу жыландардын (кара чаар жылан, чекир жылан, эфа жана башка ) үстүңкү жаагындагы "уу" тишинин (түбү уу бездерине бириккен) өзөгү көңдөй.

Чакканда жыландын уусу безден "уу" тишке өтүп, анын көңдөйү аркылуу келет. Жыландардын 3000 дей түрү, 13 тукуму (муунткучтар, суу жыланы, деңиз жыланы, кара чаар жылан, чырылдак жылан, аспиддер жана башка ) бар. Мурунку ССРБ нин аймагында 57 түрү, анын ичинде Кыргызстанда 10 түрү (уулуулары; чекир жылан, кара чаар жылан, калкан тумшук жылан жана башка ) жашайт.

Жыландардын айрым түрлөрү айыл чарба зыянкечтерин (чегиртке, майда кемирүүчүлөр жана башка ) жеп пайда келтирет, айрымдары (суу жылан ) уруктан жаңы чыккан чарба балыктарын жеп, балык чарбасына зыян келтирет. Жыландар малдын тумшугун, бутун, желинин чагат. Айрыкча жылкы, уй, кой жылан уусуна туруштук бере албайт. Жыланы көп жерге мал жаюуга болбойт. Жыландын уусу медицинада кеңири колдонулат. Жыландын уусун алуу үчүн көп жерлерде (анын ичинде Фрунзеде) жылан өстүрүүчү жайлар уюшулган.

Ой-пикирлер