Кирүү

Дворников Прокофий Игнатьевич

Дворников Прокофий Игнатьевич (08. 03.1905- 09. 06. 1967) - советтик жашылча изилдөөчү. ВАСХНИЛдин корректорлук мүчөсү (1956), Молдаван ССР илимдер академиясынын академиги (1961). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). 1946-жылдан ССКП мүчөсү. Харьков кесиптик билим берүүчү педагогика институтун бүткөн. 1933- 1950-жылдары жашылчачылык жана жашылча сорт сыноо чарбаларында иштеген.

1950-1953-жылдары Молдаван ССР айыл чарба министринин орун басары, 1953-1956-жылдары Молдавия топурак таануу, агрохимия жана мелиорация илимий изилдөө институтунда директор, 1956-1967-жылдары Тирасполь шаарында Молдавия сугат дыйканчылык жана жашылчачылык илимий из институтунда директор.

Дворников Молдаван ССР и менен Украин ССР инде райондоштурулган жүгөрү, томат, бадыраң, пияздын 14 сорту менен гибридинин автору жана авторлош. Селекция, жашылчачылык, сугат жана башка боюнча эмгектери бар. Ленин ордени, 2 Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.

Ой-пикирлер