Кирүү

Колхоздун бөлүнбөс фонду

Колхоздун бөлүнбөс фонду - өздүк салымдардын эсебинен түзүлгөн негизги жана айланма каражат. Бул фондудан колхозчуларга бөлүнүп берилбейт. Колхоздун бөлүнбөс фонду эмгек каражаты, мал, курулуш, транспорт каражаттары, ирригациялык курулма, көп жылдык бак-дарак, чарбанын өз каражатынын эсебинен түзүлгөн жана коомдук чарбаны өнүктүрүүгө багытталган материал жана акча кирет.

Алгачкы колхоздун бөлүнбөс фонду колхозго кирген дыйкандардын накталай жана акчалай мүчөлүк акысынан түзүлгөн. Колхоздун бөлүнбөс фондунун негизги булагы болуп негизги жана айланма фондуларды толуктоого бөлүнгөн чарбанын нак кирешесинин бөлүгү эсептелген. 1984-жылдын аягында Кыргызстандын колхоздорунун бөлүнбөс фондусу 1626 миллион сомду түзгөн, бул 1965-жылга салыштырганда 2,5 эсе көптүк кылат.

Ой-пикирлер