Кирүү

Ветеринария лабораториясы

Ветеринария лабораториясы - мал ылаңынын же өлүм-житиминин себебин аныктоо үчүн ар кандай изилдөөлөр жүргүзүүчү мамлекеттик мекеме. Ветеринария лабораториясы бактериологиялык , серологиялык жана гематологиялык анализдерди, патологиялык материалдарды изилдөөнү, эт, сүт жана башкаларды санитардык анализдөөнү жана башка иштерди жүргүзөт.

ССРБ нин мамлекеттик ветеринария тармагындагы лаборатория областтык , крайлык, республикалык, район аралык жана райондук ветеринария лабораториясына бөлүнөт. Изилденүүчү материалды (мал же эт, сүт) ветеринария лабораториясына чарба же ээси өзү жеткирет.

Ошондой эле ветеринария лабораториясы диагностикалык изилдөө жүргүзүү, эпизоотологияга каршы иш чараларды уюштуруу жана жүргүзүү үчүн чарбага да келет. Ветеринария лабораториясы малдын ылаңынын алдын алуучу жана дарылоочу тоюттук антибиотиктерди, ткань дарыларын жана башкаларды даярдайт. Ветеринария лабораториясы ветеринардык илимдин жана алдыңкы тажрыйбанын жетишкендиктерин жайылтат.

Ой-пикирлер