Кочкорова Сарахан
Кочкорова Сарахан (1928-жылы туулган, Ош областы, Кара-Суу району, Калинин кыштагы) - пахтачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). 1957-жылдан ССКП мүчөсү. Ош областынын Кара-Суу районундагы Калинин атындагы колхоздо колхозчу (1942), звено башчы (1946- 1950). 1957-жылы анын звеносу пахтанын ар гектарынан 88,6 центнерден түшүм жыйнап алган. 1951-1955-жылдары Кыргыз ССР ЖСинин депутаты. Ленин ордени, "Ардак Белгиси" ордени менен сыйланган.
- Колхоз-кооперация менчиги
- Жумабаева Анакыз
- Күн өтүү жана ысык оору
- Амиддер химиялык бирикмеси
- Диета терапиясы
Ой-пикирлер