Кирүү

Агрардык өнөр жай интеграциясы

Агрардык өнөр жай интеграциясы (латынча - толтуруу, калыбына келтирүү, бүтүн) — айыл чарба жана аны менен өз ара байланышы бар тектеш өндүрүш чөйрөлөрүнүн органикалык түрдө кошулушу жана иш жүргүзүшү. Айыл чарба өндүрүшү өнөр жай менен органикалык түрдө кошулуп, өлкөдө агрардык өнөр жай ишкана жана бирикмелеринин кеңири тармагы түзүлдү.

Айыл чарба өндүрүшүндөгү жана айыл чарбаны тейлеген башка тармактардагы сапаттык терең өзгөрүүлөрдүн негизинде агрардык өнөр жай интеграциясынын зарылдыгы келип чыгат. Мурда айыл чарбанын өзүндө аткарылуучу көптөгөн процесстер өзүнчө бөлүнүп, иштеп чыгаруу өнөр жайларында техникалык кызматтын, транспорт бөлүмдөрүнүн жана башка күчү менен ишке ашырылууда.

Колхоз, совхоздордо өндүрүш көлөмү кыйла кеңейип, адистештирилиши жакшырды, өндүрүштү топтоштуруу тармактардын өз ара байланышын, айыл чарба продукциясын кабыл алуу, сактоо, иштеп чыгууда (түрдүү продукция алууда) ишканалар менен тыгыз байланышты камсыз кылуу, коромжу болтурбоо айрыкча маанилүү. Агрардык өнөр жай интеграциясынын зарылдыгы, ошондой эле социалдык факторлорго да байланыштуу. Ал колхоз-кооперация менчиги мамлекеттик менчикке жакындашуусуна, шаар менен кыштактын ортосундагы олуттуу айырмачылыкты жоюуга, айыл жеринде жашаган калк менен шаар калкынын эмгек шартын, турмуштиричилигин, маданиятын жакындаштырууга көмөк берет.

Агрардык өнөр жай интеграциясынын натыйжасында чарбада жумушчу күчү жакшы пайдаланылат, кызматчылардын квалификациясы жогорулайт, алардын жыл бою толук иштеши камсыз кылынат. Акырында Агрардык өнөр жай интеграциясы түпкү өндүрүштүк жакшы натыйжага (интеграцияланган бардык ишканаларда чыгым бирдигине алынган продукция максимуму), социалдык натыйжага (кызматчылардын эмгек жана турмуш-тиричилик шартын жакшыртуу, шаар менен кыштактын ортосундагы олуттуу айырмачылыктарды жоюу) алып келет.

Ой-пикирлер