Кирүү

Кокцидиоз ылаңы

Кокцидиоз - эймериоз - малдын инвазиялуу ылаңы; кээде киши да ооруйт. Кокцидия мителери козгойт. Кокцидиоз менен уй, кой, тоок, чочко, куну айбанат жана ит, балык, коён ылаңдайт. Ар башка малдын өз-өзүнчө козгогучу болот. Кокцидиоз менен көбүнчө төл жазында, жайында өз алдынча тоюттанууга өтүү маалында ылаңдап, өзгөчө бөжөк, жөжө көп чыгашага учурайт. Ылаң кокцидиоздун козгогучу менен булганган жем, чөп, суу, төшөлгө, топурак, шайман аркылуу жугат. Кокцидиялар (Жөнөкөйлөр) боор, бөйрөк, ичегинин эпителий клеткаларында мителейт. Букма мезгили 3 күндөн 2 жумага чейин. Дарттуу малдын шайы кетип, жем, чөп жебейт, ичи көөп арыктайт, булчуңдары тырышып, шал болот.

Ой-пикирлер