Кирүү

Ашкөк өсүмдүгү

Ашкөк - чатыр гүлдүүлөр тукумундагы бир же эки жылдык чөп өсүмдүк, 4 түрү бар. Анын бирөө эгилме: огород ашкөгү же эгилме ашкөк - эки жылдык, кайчылаш чаңдашма өсүмдүк. Биринчи жылы жалбырагы менен тамыры, экинчи жылы сабагы өсүп, урук байлайт.

Сабагы бутактанып өсөт, бийиктиги 75-150 сантиметрге жетет. Үч ача канат сымал же тармал жалбырактуу. Гүлү майда, саргыч жашыл, эки жыныстуу. Мөмөсү-эки уялуу урукча. Уругу майда, өңү көгүлтүр боз. Эгилме ашкөктүн эки түрү белгилүү: тамырлуу ашкөк жана жалбырактуу ашкөк ( азык тамыры ичке, жалбырагы бутактанып өсөт).

Ашкөктүн тамыры, жалбырагы жаңы кезинде жана кургатылган түрдө тамак-ашка кошулат. Мөмөсүнөн спазмага каршы анетин препараты алынат. Ашкөктө эфир майы (жагымдуу жыт берет), С витамини 290 мгга чейин, А провитамини, белок жана углевод (тамырында) болот. Эгилме ашкөк Жер Ортолук деңиз жээгинен таралган. Суукка байымдуу, кургакчылыкка чыдамсыз. Көп өлкөлөрдө өстүрүлөт. Кыргызстанда негизинен жалбырактуу ашкөк эгилет.

Ой-пикирлер