Кирүү

Курган ую

Курган ую - сүт-эт багытындагы порода. Курган областынын чарбаларында жергиликтүү сибирь уюн негизинен сүт багытындагы шортгорн породасы менен аргындаштыруудан чыгарылган. Өзүнчө порода катары 1949-жылы бекитилген. Порода сүт-эт жана эт-сүт багытында болуп, 2 типке бөлүнөт: сүт-эт багытындагы инегинин өркөчүнөн бийиктиги 128-140 сантиметр, көкүрөк курчамы 189-214 сантиметр, бутунун жоондугу 19,5 сантиметр; эт-сүт багытындагы уйлардын көкүрөгү чоңураак. Өңү кызыл, кызыл ала, андасанда сары аласы кезигет.

Сүт-эт багытындагы инектерден 3500-4000 килограмм сүт саалат эң көбү 6000 килограмм). Сүтүнүн майлуулугу 3,9%. Сүт-эт багытындагы инектердин тирүүлөй салмагы 450 килограмм, эт-сүт багытындагыларыныкы 550 килограмм, букаларыныкы 800-900 килограмм. Этинин сапаты жакшы, 55-65% эт чыгат. Курган ую катуу суук жана ысыкка чыдамкай келет. Курган, Челябинск, Тюмень жана Оренбург облусунда асыралат.

Ой-пикирлер