Кирүү

Комсток куртчасы

Комсток куртчасы - кокциддер түркүмчөсүнүн кеберлүү куртчалар тукумундагы курт. Энтомолог Д. Г. Комстоктун (1849-1931) атынан аталган. Айыл чарба өсүмдүктөрүнө көп зыян келтирет. Дене узундугу 5 миллиметрге чейин. Комсток куртчасы Кыргызстандан 1955-жылы Ош областынын Араван районунан, 1959-жылы дагы 10 райондон табылган. Кыргызстанда жылына 3 жолу тукумдайт. Ургаачысы мом баштыкчаларын пайда кылып, ага 600 гө чейин жумуртка таштайт. Жумурткасы дарак кабыгынын астына, жарака, коңул жана топуракта кыштап, апрелде личинкалар пайда болот.

Комсток куртчасы 350 дөн ашык өсүмдүк түрүнө (жашылча, бакча өсүмдүктөрү, тыт дарагы жана башка) зыян келтирет. Комсток куртчасы зыян келтирген дарактарда уюлдар пайда болуп, кабыгы жарылып, жалбырагы күбүлүп түшөт, кээси куурап калат. Каршы күрөшүү чаралары: продукцияны комсток куртчасы бар аймактан алып кетерде карантиндик эрежеге ылайык тазалоо жана зыянсыздандыруу; комсток куртчасынан жабыркаган өсүмдүктөрдү пестицид менен дарылоо; комсток куртчасынын митеси - псевдоафикусту пайдалануу жана башка.

Ой-пикирлер