Кирүү

Ат кулак өсүмдүгү

Ат кулак - кымыздыктар тукумундагы бир жана көп жылдык чөп өсүмдүк. Сабагы түз, бутактуу, кырбылуу, жалбырагы чоң, сабактуу. Гүлү жашыл, эки же бир жыныстуу, топ гүлү шыпыргыдай. Мөмөсү үч кырдуу, даны жалтырак. Ат кулактын 150 түрү белгилүү. Кыргызстанда 13 түрү өсөт. Кадимки, тармал, тянь-шань ат кулагы көп кездешет. Короо-жайдын тегерегинде, көлмө, жол, арык бойлорунда жана башка көп өсөт. Мал жебейт. Ат кулактын дээрлик бардык түрү отоо чөп. Каршы күрөшүү чаралары: жерди терең айдап, тамырын жыйнап жок кылуу, уругу быша электе оруп, чаап таштоо. Кадимки ат кулакты атайын өстүрүп, жалбырагын тамакка кошот.

Ой-пикирлер