Кирүү

Кургатуу системасы

Кургатуу системасы - кургатууну камсыз кылуучу канал, дрена жана башка гидротехникалык жана пайдаланылуучу курулмалары бар ашыкча нымдуу жер. Кургатуу системасынын негизги элементтери: кургатылуучу аймак; кургатуу тармагы; гидротехникалык курулмалар - шлюз, насос станциялары, байкоо жүргүзүлүүчү кудук жана башка Кургатуу ыкмасына жараша кургатуу системасы ачык же жабык болушу мүмкүн.

Кургатуунун ачык системасына канал казуу аркылуу жер кургатуу кирет. Ал эми кургатуунун жабык системасына жер алды менен суунун агып кетишин жөнгө салуучу анча чоң эмес магистралдуу канал, суу өткөрүүчү түтүк жана башка кирет. Кургатуу системасын конструкциялоо кургатылуучу жердин гидрогеологиялык шартына, чарбалык-экономикалык маанисине жана башка жараша жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер