Кирүү

Жер пайдалануу укугу жөнүндө акт

Жер пайдалануу укугу жөнүндө акт - ССРБ де жер участкасын пайдаланууга укук берүүчү документ. Аны совхоз, балыкчы колхоз, шаар, шаар тибиндеги кыштактарга, мамлекеттик, кооперациялык жана коомдук мекемелерге, уюм жана ишканаларга Эл депутаттар советтеринин райондук аткомдору; ал эми шаарларга облаткомдор же союздук республикалардын Министрлер Совети (областка бөлүнбөгөн республикаларда) берген.

Колхоздорго жер түбөлүк (мөөнөтсүз) пайдалануу жөнүндөгү мамлекеттик акт боюнча берилген. Жер пайдалануу укугу жөнүндө жөнүндө актыда жер пайдалануучуларга берилген жердин жалпы аянты, планы жана чектери жана башка көрсөтүлөт. Акт формаларын ССРБ МС белгилеген.

Ой-пикирлер