Кирүү

Жүзүмзар жумуштарын механикалаштыруу

Жүзүмзар жумуштарын механикалаштыруу - кол эмгегин жеңилдетүү үчүн жүзүмзар жумуштарын машина жана башка механикалык куралдар менен жасоо. ССРБ де 30 дан ашык түрү чыгарылган. Жүзүм көчөттөрүн тигүүгө даярдоо жана аларды кыйыштыруу үчүн МП-7А машинасы колдонулса, көчөт тигилүүчү жердин топурагын жумшартууда ар кандай машиналар пайдаланылат. Көчөттөр АПВ-10-2 агрегаттын жардамы менен тигилет. Жүзүмдүн катар аралыктары ПРВМ-3 асма соко менен культивацияланып, жумшартылат. Бул соко жумшарткыч Т-54В, Д-75, Т-54 жана башка тракторго чиркелет.

Агрегат бир мезгилде топуракты 20-25 сантиметрге чейинки тереңдикте жумшартуу менен бирге жер семирткичти кошо берет. Күзүндө жүзүмдү көмүү үчүн сокого кошумча шайман чиркелет. Органикалык жер семирткичтер УОМ-50 машинасы менен (жүзүмдүн катар аралыгына 50 сантиметр тереңдикте) чачылат. Отоо чөп, зыянкеч жана илдетке каршы күрөшүүдө ОВТ-1АВ, ПОУ, ОШУ-50 жана башка агрегаттар колдонулат. Бул агрегаттар трактордун кубат берүүчү валы аркылуу иштейт. Түшүмдү жыйноо механикалашкан конструкциялар менен жүргүзүлөт.

Ой-пикирлер