Кирүү

Асфальт аралашмасы, бетону

Асфальт грек тилинен - тоо чайыры болуп которулат. Майдаланган минерал заттар (аки таш, кум ж. б.) менен битумдун аралашмасы. Табигый жана жасалма асфальтка бөлүнөт. Табигый асфальт аки таш же кум менен табигый битумдун (50-60%) аралашмасынан турат. Жасалма асфальт (асфальт мастикасы) нефть битумун минерал күкүмүнө (аки таш, доломит) аралаштырылып даярдалат. Асфальт мастикасына кум, шагыл кошуп ысык кезинде жол курулушуна, өнөр жай имаратынын таманына төшөөдө жана суу өткөрбөөчү материал катары колдонулат.

Аcфальт бетону - камдаштыргычы битум болгон бетон. Аcфальт бетондун түзүмүнө, ошондой эле минерал күкүмү, кум жана шагыл кирет. Ысык (жерге ысуулай төшөлүүчү), муздак (суюк битумдуу жана жерге суугандан кийин төшөлүүчү) аcфальт бетона бөлүнөт. Ысык аcфальт бетонунун бир түрү - куйма аcфальт бетону. Ал автомобиль жолун, кампа, кырмандарга төшөөдө, канал курууда жана башка айыл чарба курулуштарында кеңири колдонулат.

Ой-пикирлер