Кирүү

Бакча өсүмдүктөрү

Бакча өсүмдүктөрү - ашкабактар тукумундагы эгилме өсүмдүк тобу (дарбыз, коон, ашкабак). Азия, Африка жана Американын тропик, субтропик өлкөлөрүнөн алынып келинген. Айдоо аянты, дүң жыйымы, сапаты боюнча мурунку ССРБ дүйнөдө 1-орунда турган. Негизинен Төмөнкү Волга боюнда, Түндүк Кавказ, Украина, Орто Азия, Молдавия, Казакстанда эгилет. Бакча өсүмдүктөрүнүн желчү сорттору 600 миңдей гектар, тоюттук сорттору 200 миңдей гектар аянтты ээлейт, төшөлүп же чырмалып өсөт, сабагы бутактуу.

Ашкабак менен тоюттук дарбыздын негизги сабагынын узундугу 10 сантиметрге, желүүчү дарбыздыкы 5 сантиметрге, коондуку 3 сантиметрге жетет. Бакча өсүмдүктөрү кургакчылыкка дээрлик чыдамдуу. Жылуулукту көп (25- 30°С) талап кылат. Орто Азия республикаларында (Кыргызстанда да) бакча өсүмдүктөрү которуштуруп айдоо жолу менен эгилет, дың жерге, кысыр аңызга айдаса көп түшүм берет.

Бакча өсүмдүктөрү жаңы кезинде тамак-ашка (дарбыз, коон), куурулуп бышырылып, маринаддалып (ашкабак, кабак, патиссон), кургатылып керектелет. Цукат, бал, пюре алынат. Тоютка (ашкабак, тоюттук дарбыз, коон) жаңы кезинде жана саман, жүгөрү жана башка тоютка кошулуп силостолуп берилет. Дарбыз, коон, ашкабактын данынан май алынат. Кыргызстанда бакча өсүмдүктөрү Чүй өрөөнүндө, Ош облусунда өстүрүлөт. Зыянкечтери: бакча бити, бакча эл кайда көчөтү, шалбаа көпөлөк, дарбызчы чымын. Илдеттери: ак чирик, кара чирик, фузариоз, антракноз.

Ой-пикирлер