Кирүү

Баланс активи жана ыкмасы

Баланс активи - (лат. bilanx - таасирдүү) - бухгалтердик баланстын бир жагы; ишкана каражатын акчалай көрсөтөт, ошондой эле башка ишкана, уюм жана адам алган карыздар жазылат.

Баланс ыкмасы

Баланс ыкмасы - пландоо жана статистикада план түзүү, план аткарылышын текшерүү, баланс түзүү жолу менен статистикалык маалыматтардын өз ара байланышын талдоодо маанилүү ыкмалардын бири; эл чарбасынын пропорциялаш өнүгүшүн камсыз кылуу каражаты. Баланс ыкмасы айыл чарбасын пландоодо кеңири колдонулат. Мисалы, эл чарбасында айыл чарба продукциясынын керектелишин аныктоо, аларды айыл чарба өндүрүш мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштыруу үчүн дан, картошка, эт, сүт жана башка азыктардын балансы, тоют, айыл чарба жеринин, энергетика, жер семирткич, эмгек ресурстарынын балансы түзүлөт. Баланс өлкө, республика, область, край, район жана айрым ишканалар боюнча түзүлөт.

Ой-пикирлер