Вена көк коёну
Вена көк коёну - эттери багытындагы коён породасы. XIX кылымда Австрияда чыгарылган. Мурунку ССРБ ге 1927-1929-жылдары Германиядан алып келинген. Дене узундугу 52-56 сантиметр, көкүрөк курчамы 35-37 сантиметр, орточо салмагы 4,5 килограмм; 4-5 айлыгында жетилет; 8 дей бөжөк тууйт. Териси баалуу, көгүлтүр түстө. Европа өлкөлөрүндө; мурунку ССРБ нин аймагынын бардык жеринде асыралат. Калтар жана кара-күрөң коёндорун чыгарууда пайдаланылган.
- Куш чарба институту
- Көчөт тигүү
- Гидромодуль
- Көп жылдык тоют чөптөр
- Айыл чарба өндүрүшүн рационалдаштыруу
Ой-пикирлер