Кирүү

Ветеринариялык дарылоо мекемеси

Ветеринариялык дарылоо мекемеси - 1) ылаңдуу малды дарылоо жана ылаңдын алдын алуучу мекеме. Малды туруктуу бир жерде жана амбулаториялык жол менен дарылайт, ветеринариялык алдын алуу иштерин жүргүзөт. Атайын жабдуулары бар ветеринариялык дарылоо мекемеси ылаңдуу малга терапия, хирургия, акушерлик жардам көрсөтүп, лабораториялык -клиникалык толук изилдөө жүргүзөт, малды эмдейт, ылаңга каршы ветеринардык-санитардык иш-чараларды ишке ашырат; өлкөнүн ветеринария уставындагы талаптардын чарбада аткарылышын көзөмөлдөйт. Ветеринариялык дарылоо мекемеси жергиликтүү айыл чарба жана советтик органдарынын карамагында болгон.

2) Ветеринариялык кызматтын колхоз, совхоздордогу негизги өндүрүштүк имараты. Ветеринариялык объектилерди долбоорлоонун технологиялык нормасына ылайык курулат. Ветеринариялык дарылоо мекемесинде ветеринардык врачтын бөлмөсү, ылаңдуу малды кабыл алуучу жай, аптека, биопрепарат сакталчу жай болот.

Ой-пикирлер