Кирүү

Инбридинг

Инбридинг (англ. in - ички жана breeding - көбөйүү), инцухт - жакын тектүү организмдерди аргындаштыруу. Инбридингдин негизги формасы - өзүн өзү уруктандыруу, инбридинг тукумдун бир калыпта (туруктуу) болушуна алып келет: инбридингде жуп чени (аА) боюнча гетерозиготалуу организм жарымы гетерозиготалуу (2Аа), ал эми 2-жарымы гомозиготалуу (1АА-(-1аа) тукум берет; экинчи гибриддик муунда гетерозиготалардын саны (1 /г) 2= 1 / 4, үчүнчү муунда - (1/г)3=1/4. п - муунда - (1 /2) болот.

Өзү уруктанууда бардык гетерозиготалуу организмдердин ар бир кийинки муундарында мурда гетерозиготалуу абалдагы гендердин жарымы гомозиготалуу абалга өтөт. Өзү чаңдашуучу өсүмдүктөрдө (буудай, арпа, буурчак, гозо жана башка) инбридинг - табигый кубулуш. Кайчылаш чаңдашуучу өсүмдүктөрдө жана малда инбридинг мезгилинде зыяндуу рецессивдүү гендер гомозигота абалында организмди жарым-жартылай же толук өлүмгө учуратышы мүмкүн.

Инбридингдин зыяндуу таасири, мисалы, жүгөрү менен картошкада (сабагы өспөй, түшүмү азаят) көп байкалат. Тоокту жыл сайын тектеш жупташтырууда жумуртка аз алынып, андан чыккан жөжө начар болот. Эки же андан көп тектеш линияны аргындаштырууда биринчи муунда гетерозис пайда болот. Азыр инбридинг синтездик селекцияда кеңири колдонулууда.

Ой-пикирлер