Кирүү

Жалбырак түргүчтөр

Жалбырак түргүчтөр - майда көпөлөктөр тукуму. Канатынын узундугу 12-13 миллиметр, алдыңкы канаты ар башка түстө, арткысы боз. Түндүк жарым шардын токой зонасында көп кездешет; миңден ашуун түрү бар. Мурунку ССРБ нин аймагында 1200 гө жакын түрү кездешет. Көпчүлүк малактары түрүлгөн жалбырактарда, айрымдары өсүмдүк сабагында, тамырында, мөмөсүндө жашайт. Жалбырак түргүчтөр мөмө өсүмдүктөрүнө (алмурут, кара өрүк, алма мөмө жегичтери), жүзүмгө (эки жылдык жалбырак түргүч жана башка ), чанактуу өсүмдүктөргө (буурчак мөмө жегичи) жана токой өсүмдүктөрүнө (эмен жашыл жалбырак түргүчү) чон зыян келтирет.

Ой-пикирлер