Кирүү

Колхоз башкармасы

Колхоз башкармасы, правлениеси - колхоздун аткаруу-тескөө органы. Колхозчулардын жалпы чогулушунда ачык добуш менен 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Курамы 7ден 11 кишиге чейин болот. Ал колхозчулардын жалпы чогулушу (өкүлдөр чогулушу) алдында жооптуу, иштеген иши жөнүндө жыл сайын отчёт берип турат. Чарбанын уюштуруу, өндүрүш-финансы, маданий-тиричилик жана тарбия ишине жетекчилик кылат.

Айыл чарба продукциясын даярдоо, мамлекетке сатуу пландарын аткарууну уюштуруп, жерди туура, материалдык жана акча каражатын үнөмдүү пайдаланууну камсыз кылып, өндүрүш жана эмгек тартибин чыңдоо үчүн чара көрөт. Колхоз башкармасынын отуруму айына бир жолу өткөрүлөт. Колхоз башкармасына анын төрагасы жетекчилик кылат.

Ой-пикирлер